Бишкектин четинде адам өлтүрүү: эркек киши чогуу жашаганын бычактап өлтүрдү


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2023/01/speech-84578-1674473794-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Бишкекте мас абалында чогуу жашаган жаранын өлтүргөн жаран кармалды.

Төмөнкү Ала-Арча айылынын тургуну адам өлтүргөн деген айып менен кармалды. Бул тууралуу 23-январда Чүй облустук ИИББ басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат милицияга 23-январда келип түшкөн. 37 жаштагы К.Р. бычактан алган жаракатынан улам тез жардам келгенге чейин каза болгон. Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Киши өлтүрүү») менен КЖБРге каттоого алынган.

Аламүдүн РИИБнын ыкчам кызматкерлери ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүүнү кармашкан. Ал 1988-жылы туулган Г.А. аттуу жергиликтүү тургун болуп чыкты.

«Ал өзү чогуу спирт ичимдиктерин ичип алып, чыр-чатактан улам аялды бычак менен сайып салганын өзү түшүндүргөн», — деп айтылат маалыматта.

Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий