Бишкекте баңги затын сатуу менен алектенген УКТ мүчөсү кармалды

Борбор калаада ИИМдин ыкчам каттоосунда турган кылмыштуу топтун мүчөсүн кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлдү.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан баңги кылмышы фактысы аныкталды.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, буга чейин аларга кылмыштуу түзүмдөр менен тыгыз байланышта болгон белгилүү топ борбор калаада баңги затын сатуу менен алектенип жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул топтун катышуучуларынын бири А. уулу Н. аттуу жаран уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турганы аныкталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, чогултулган материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгүнүн («Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо») негизинде кылмыш иши козголгон. 

2022-жылдын ноябрь айында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча ОБОП кызматкерлери, ИИБдин атайын операциялык отрядынын жана РИИБдин тергөө кызматынын жоокерлери менен биргеликте Октябрь райондук соту тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 1992-жылы туулган, Талас облусунда туулган, мурда соттолгон А. уулу Н. аттуу жаран кармалды. 

Жеке тинтүү учурунда кармалган жарандан өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү зат – жалпы салмагы 22 граммды түзгөн гашиш баңгизаты табылган.

Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Андан ары оперативдүү иштер жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий