Бишкекте аялды өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды: анын сөөгү Ботаникалык бактан табылды

Тергөөчүлөрдүн ыкчам тобу шаардын бакчасында кылмыш жасаган деп шектелген адамды издеп таап, кармашкан.

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалганын Октябрь РИИБ басма сөз кызматы 22-ноябрда билдирди.

Милицияга 5-ноябрь күнү кечинде Ботаникалык бакта бычактан жаракат алган 50-60 жаштардагы аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Киши өлтүрүү») менен КЖБРге каттоого алынган.

Октябрь РИИБ ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган Д.К. кармалды. Ал 2 айга СИЗО-1ге киргизилген.

Тергөөнүн алкагында экспертизалар дайындалды.

Добавить комментарий