Атасынын сөзүнө чыдай алган жок: жигит өз жанын кыюуга аракет кылган. Тергөө иштери жүрүп жатат


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/09/speech-75958-1662642887-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Маалым болгондой, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жаш жигит өз жанын кыюуга аракет кылган.

Маалыматты Жалал-Абад облустук ИИБ басма сөз кызматы тастыктады.

Окуя 31-август күнү саат 11:00дөр чамасында болгон. 1995-жылы туулган Мурат [аты өзгөртүлдү М.Ш.] менен анын атасы 1973-жылы туулган М.К. ортосунда оозеки жаңжал чыккан. Эркек киши уулуна алкоголдук ичимдиктерди ичкенин айтып, урушкан. Анан Мурат курал сакталган сейфтин ачкычын таап алган (анда бардык уруксат кагаздары бар болчу). Куралды сейфтен алып чыгып, анан ээгине ок чыгарган.

Абалы оор болгон Мурат Кара-Көл шаардык жалпы медициналык практика борборунун реанимация бөлүмүнө жаткырылган. Үй-бүлө мүчөлөрү арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүдөн баш тартышкан.

Аталган факты боюнча материалдар РИИБга катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Окуя болгон жерге барган ыкчам-иликтөө тобу буюм далили катары курал-жарактарды жана 14 даана гильзаларды алышкан. Соттук баллистикалык экспертиза дайындалды.

Ошондой эле 30-августтан 31-августка караган түнү Мураттын атасы нөөмөттө экени белгилүү болду. Саат 10:30 чамасында оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан үйгө материалдарды алып келген. Ал киши уулунан жардам сурагысы келген. Уктоочу бөлмөгө киргенде мас абалында Муратты көргөн. Эркек уулуна эскертүү берип, үйгө курулуш материалдарын алып келгени чыккан. Кайра келгенде октун үнүн укту. Тез жардам чакырылган.

Тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий