Жыл башынан бери КРга 124 кыргызстандыктын сөөгү жеткирилген

Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматтык-консультациялык борборунун директору Кубандык Акматбеков бүгүнкү брифингде 2021-жылы чет өлкөлөрдө каза болгон кыргыздардын 124 сөөгү Кыргызстанга алынып келингенин айтты.

Анын айтымында, алты айда 102 эркектин жана 22 аялдын сөөгү «жүк-200» менен Кыргызстанга жеткирилген:

22 жашка чейин – 7 адам;

22 жаштан 30 жашка чейин – 26 адам;

30 жаштан 40 жашка чейин – 28 адам;

40 жаштан жогору – 63 адам.

Кубандык Акматбековдун айтымында, мекендештердин өлүмүнүн себептеринин катарында:

оору – 91 адам;

кырсык – 12 адам;

адам өлтүрүү – 2 адам;

Жол кырсыгы – 6 адам;

суицид – 2 адам;

өлүмдүн себеби аныктала элек – 9 адам.

Акматбеков ошондой эле жалпысынан жылына «жүк-200» менен чет өлкөлөрдө каза болгон кыргыз жарандарынын 300гө жакын сөөгү Кыргызстанга келип жаткандыгын белгиледи.

Расмий маалыматка ылайык, дээрлик 4 жылдан бери 919га жакын адам Кыргыз Республикасынын каза болгон жарандарынын сөөгүн мекенине кайтаруу үчүн компенсация сурап кайрылышкан:

2018-жылы – 200 адам,

2019-жылы – 295 адам,

2020-жылы – 300 адам.

2021-жылдын 4 айында 124 адам кайрылган. Аларга 6 миллион 200 миң сом төлөнгөн.

Добавить комментарий