Улуттук банктын алтын куймаларынын унциясы арзандады

Алтындын бир унциясы бир күндө 60 долларга арзандады

22-апрелге карата Кыргызстандын Улуттук банкынын алтын куймаларынын унцийинин кайра сатып алуу баасы 161 887 сом деп белгиленди. Мындай маалыматтар жөнгө салуучу органдын сайтында берилген.

Бир күн мурда Улуттук банк куймаларды 166 миң 633,5 сомго сатып алууга даяр болгон. Ошентип, бир сутка ичинде унция 4746,5 сомго же 59 долларга арзандады.

Муну менен бирге алтындын өлчөнгөн куймаларынын унцийинин калкка сатуу баасы 30-марттан бери өзгөрүүсүз калып, 198 миң 548 сомду түздү.

Добавить комментарий