Улуттук банк АКШ доллардын курсунун төмөндөшүн түшүндүрдү

Улуттук банк Кыргызстанда АКШ долларынын арзандашы себептерин айтып берди.

Кыргызстанда доллардын арзандашы башка нерселер менен катар Россиядагы кырдаалга да байланыштуу. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш билдирди.

Анын айтымында, мындан тышкары америкалык валютанын арзандашы үчүн ички жана тышкы дагы бир катар себептер бар. Нурбек Жеңиш Россия Федерациясында иштеген эмгек мигранттарынын акча которуулары алардын жалпы көлөмүнүн 95 пайызын түзөрүн кошумчалады.

«Сиздер билесиздер, рублдин долларга карата курсу бекемделип, мигранттардын акча которуулары негизинен Россиядан келип жатат», – деди ал жана Улуттук банк валюта курсун жөнгө салуу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын белгиледи.

Добавить комментарий