Өзбекстандын ЕАЭБге кирип калуу мүмкүндүгү Кыргызстандын айыл чарба өндүрүшүнө таасир этпейт. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агро өнөр жай сектору боюнча министри Александр Субботин «ЕАЭБ өлкөлөрүнүн агрардык сектор жаатында кызматташуусу» аттуу маалымат жыйын учурунда билдирди.
Буга чейин Өзбекстан Евразия экономикалык биримдигине кирүү ниетинде экени айтылган. «Бул нерсе Кыргызстандын айыл чарба өндүрүшүнө сокку урбайбы?» деген суроо министрге узатылды.
«ЕАЭБ өлкөлөрүнө 1,5 миллион тонна картошка, сегиз миллион тонна мөмө-жемиш жетишпейт. Эгер биримдикке Өзбекстан кирсе, биздин ири рыноктон бардыгына орун жетет. Анын үстүнө айыл чарба продукцияларын үчүнчү өлкөлөргө экспорттоо маселеси каралууда», — деди министр.
Ал ошондой эле Өзбекстандын биримдикке кирүү шарттары кыргызстандык адистер менен дагы талкууланарын айтып, кабатыр болуунун кажети жок экенин белгиледи.
Субботин Кыргызстан өзүнүн өзгөчө шарттары, анын ичинде таза суусу менен татыктуу орунда турарын кошумчалаган.
«Кыргызстандагы азыктардын даамы менен сапаты өзгөчө, ошондуктан чочулоонун кажети жок», — деди ал.
Кыргызстандын ЕАЭБге чейин жана киргенден кийинки экономикалык көрсөткүчүн материалдан окуңуздар.