Россияда мүмкүнчүлүгү чектелген эркектердин саны рекорддук көбөйдү. Улуу Британиянын Коргоо министрлиги муну Украинага каршы согуш менен байланыштырууда.
Бул тууралуу Британиянын Коргоо министрлиги X социалдык тармагында өзүнүн чалгындоо маалыматтарына таянуу менен билдирди.
Россиянын Пенсиялык жана социалдык камсыздандыруу фондунун маалыматтарынын талдоосуна ылайык, РФда 2022-2023-жылдары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген эркектердин саны сегиз жылдык рекорддук өсүш менен катталган. 2022-жылы Россияда 31-59 жаштагы мындай эркектер расмий түрдө 1,67 миллионго жеткен. 2023-жылы бул көрсөткүч 507 миңге же 30% өскөн.
Мүмкүнчүлүгү чектелген эркектердин санынын көбөйүшү Украинага каршы согушка байланыштуу дешет россиялык демографтар.
Мындай тыянакка Британиянын чалгын кызматы да макул. Кыскача маалыматта Украинадагы согуштун натыйжасында орус куралдуу күчтөрүнүн 355 миңден ашуун курмандыктарынын көбү жарадар болгон аскер кызматкерлери экени белгиленген. Орустардын орточо күнүмдүк жоготуулары Россиянын чабуул кампаниясы 2023-жылдын күзүндө башталгандан бери өсүп, февраль айында күнүнө 983 кишиге жеткен, бул согуш башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч.
«31-59 жаштагы майып эркектердин жана жарадарлардын санынын рекорддук өсүшү РФ медициналык жана социалдык кызматына олуттуу таасирин тийгизет», – деп кошумчалады министрлик.