Ошто 16,4 млн сомго курулган жайкы сахна керексиз болуп калдыбы?

Шаардык кеңештин «Республика—Ата Журт» фракциясынын депутаты Бекболот Арзибаев Ак-Буура дарыясынын айланасындагы мыйзамсыз курулуштар жана миллиондогон акча сарпталган Тилеке баатыр көчөсүндөгү сахнанын абалы тууралуу айтты.

«Ак-Бууранын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар алынып, эс алуучу жайлар курулат деген маалыматтар тарады. Ошондой эле менин оюмча Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган сахнага 16 млн сом жумшалган», – деди Б.Арзибаев.

Шаардык кеңештин төрагасы Жапар Ормонов мындай маселелерди кароодо шашылыш чечим чыгаруудан карманып турууга чакырды.

«Азыр коом өзгөрдү. Баары ачык болуп калды. Социалдык тармактарда ачык жазылып жатат. Мындай маселелерде шашпашыбыз керек. Бул иштердин мыйзамдуу же мыйзамсыз экенине сот гана чекит коё алат. Жайкы сахна такыр пайдаланылбай калды дегенибиз да туура эмес. Ал ачык асман алдында курулган. Азыр кыш мезгили. Балким жаз, жай мезгили келгенде пайдаланылып калар», – деди Ж.Ормонов.

Сөзгө аралашкан депутат Бекболот Арзибаев сахна оңдоп-түзөөдөн өткөрүлсө да абалы жаман экенин билдирди.

«Мен Мамэкотехинспекциядан «сахна оңдолгондон кийин аны кабыл алган мекеменин жетекчилеринин жоопкерчилигин ким карайт?» деп сурагам. Чындыгында шаардык кеңештин макулдугу менен оңдоп-түзөөгө акча бөлүнгөн, бирок абалы дагы деле жакшы эмес. Көңүл жылытпайт», – деди Б.Арзибаев.

Сөз болуп жаткан сахна 2018-жылы 29-мартта ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун катышуусунда пайдаланууга берилген. Дарыянын үстүнө курулган сахна-көпүрө маданий иш-чараларды өткөрө турчу жай болмок. Анда көргөзмөлөр, концерттер, майрамдык салтанаттар белгиленип турмак. Курулуштун тендердик баасы 16,4 миллион сомду түзгөн. Сахнанын узундугу 60, ал эми туурасы 40 метрди түзөт. Turmush басылмасы сахнанын ачылышы салтанаттуу белгиленгенин жазган.

Добавить комментарий