Орхан Инанды: Кыргызстандын Президентинин пресс-катчысынын комментарийи

Кыргызстандын президентинин пресс-катчысы мамлекет башчы Түркияга болгон расмий иш сапарында Орхан Инандынын жоголуп кетишине байланыштуу кырдаалга көңүл бурду деп билдирди.   

9-июнда Кыргызстандын Президентинин Түркияга алгачкы расмий сапары башталды. Күн тартибинде көптөгөн маселелерди талкуулоо каралган. Бишкекте эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти, КР жараны, теги түрк Орхан Инандынын дайынсыз жоголушуна байланыштуу Садыр Жапаровдун пресс-катчысынан бул окуя сүйлөшүүлөрдүн алкагында талкууланабы деп сурашты.

Эрбол Султанбаев суроого төмөндөгүдөй жооп берди: “Президент Садыр Жапаров кесиптеши Режеп Тайип Эрдогандан Кыргызстанда дайынсыз жоголгон Орхан Инанды жөнүндө сурады. Режеп Тайип Эрдоган аны тааныбайм, эч кандай маалыматым жок жана ФЕТОнун тарапкерлери жөнүндө эч нерсе уккум келбейт деп жооп берди”.

Буга чейин Анкарадагы тараптар ФЕТОнун темасын козгошкон. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен пресс-конференцияда Түркия лидери жолугушуунун жүрүшүндө “террордук уюмдарга, анын ичинде ФЕТОго каршы күрөшүү маселелери, ошондой эле аймактагы кызматташтыктын аспектилери талкууланды” деп билдирди.

Расмий Анкара Түркияда 2016-жылы болгон төңкөрүш аракетинин артында түрк оппозициясынын лидери Фетхуллах Гүлен жана анын «Хизмет» кыймылы турат деп ырастоодо. Түрк бийлиги бул уюмду ФЕТО деп атап, аны террористтик деп эсептейт. Кыймылдын миңдеген мүчөлөрү ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинен кийин кармалган, бирок Гүлен өзү жана анын тарапташтары төңкөрүшкө коюлган айыптарды четке кагууда.

Түрк бийлиги дагы бир нече жолу «Сапат» тармагынын Кыргызстандагы билим берүү мекемелерин Гүлендин жолдоочулары түзгөн деп айтып, бул тармакты жабууну талап кылышкан. Бирок расмий Бишкек бул талапты четке кагып, лицейлер эч кандай коркунуч жараткан эмес деп билдирди.

Орхан Инанды 31-майда Бишкекте дайынсыз жоголгон. Ошондон бери ал жөнүндө эч нерсе билген эмес.

«Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин президентинин жубайы Рейхан Инанды эки жолу президент Садыр Жапаровдон күйөөсүн табууга жардам сурады. Мамлекет башчысы УКМКга жана ИИМге Кыргызстандын жаранын табуу боюнча тергөө-оперативдик иш-чараларын күчөтүүнү тапшырды.

«Сапат» мектебинин мурунку башчысы Орхан Инандынын дайынсыз жоголушу боюнча кылмыш иши козголду.

Анын тарапташтары 1-июндан бери нааразычылык акцияларын демонстрациялап жатышат. Митингдер, Орхан Инанды табылганга чейин уланарын айтышты. Мөөнөтсүз акциянын катышуучулары «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин президенти уурдалган жана уурдоого Түркиянын атайын кызматтары катышкан деп эсептешет.

Түркиянын өкмөттүк маалымат каражаттарынын билдиришинче, Орхан Инандынын жоголушуна УКМКнын тиешеси бар.

Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инандынын дипломатиялык миссиянын имаратында кармалып тургандыгы тууралуу маалыматын четке какты.

Добавить комментарий