Алды 1600 доллар берген. Чет өлкөгө жөнөтөм деп 60 адамды алдаган агенттиктин чуусу

Байкабай шылуундук компаниянын тузагына түшүп калдык деп ондогон адам Sputnik Кыргызстан агенттигине кайрылды.

Кеңсеси Бишкектин чок ортосунда жайгашкан «Арай Глобал» компаниясы аларды Польша, Германия, Финляндия, Израиль, Эстония, Латвия жана Чехияга жөнөтүүнү убадалаган. Жада калса Америкага виза ачып беребиз деп ишендирген.

Бул иш боюнча Биринчи Май райондук милициясына 60ка чукул жабырлануучу арыз жазганын билдиришти. Ага улай эле Финпол менен Миграция кызматына да кайрылышкан.

Жабырлануучулар июнь айынан тарта документ тапшырып, алды 1600, арты 800 доллар төлөгөн. Алар жумуш тууралуу жарнаманы соцтармактан көрүп эле барышкан. Агенттик тууралуу көп деле сүрүштүрбөй, куру убадага толук ишенип алганын айтышат.

Квитанция об уплает в компании Арай Глобал, который не выполняет обязательства по трудоустройству в Европу
© SPUTNIK / ЭЛАМАН КАРЫМШАКОВ
Жабырлануучулар июнь айынан тарта документ тапшырып, алды 1600, арты 800 доллар төлөгөн.

«Арай Глобал» компаниясы ар бир жаран менен эки барактан турган келишим түзүп, виза жана кызмат акысына 1600дөн 2500 долларга чейин сураган. Ал келишимде кайсы өлкөгө барып кандай жумуш кылары, канча маяна алары көрсөтүлгөн эмес. Жумуш берүүчүлөр менен аңгемелешүү да өткөрүлбөптүр. Бирок компания кызмат акысын тез арада төлөөнү талап кылган. Мындан улам кээ бирлери кредит алып, автоунаасын сатууга аргасыз болгонун билдиришти. Азыр же акчадан, же жумуштан жок мукурап отурушат.

Договор с компанией Арай Глобал, который не выполняет обязательства по трудоустройству в Европу
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
«Арай Глобал» компаниясы ар бир жаран менен эки барактан турган келишим түзүп, акчасын ала берген.

Жабырлануучулардын бири Бурул Айдарова жумушчунун жаш курагына деле маани берилбегенин белгилейт. Компания аны 56 жашта экенине карабай Польшага алма терүүгө жөнөтмөк болгон.

«Май айында бул агенттикти балам тапкан. Ага 1800 евро маяна убадалап, бетончу болуп иштөө үчүн Финляндияга жибермек. Балам кызыгып мени да алып барды. Дароо эле кабыл алышып, 2500 доллар айлык төлөнөрүн айтышты. Анан балам толугу менен 1600, мен жарымын, 800 доллар төлөдүм. Мына-мына кетесиңер деп отуруп акыры такыр эле жоголуп кетишти. Ишенген жаным жанталашып барып кредит алгам. Эми ыйлап-сыктап төлөп жатабыз», — деди алданган аял.

Жабырлануучулардын айтымында, компаниянын башкы директору — Талгат Болотов, финансылык директору —Айбек Кадыров. Ал эми Акпейил Акылбекова жана Максат Ильясов аттуу кызматкерлер документ, акчасын кабыл алып турган.

Замир Абдиев Россияда бир жыл иштеп чогулткан 1600 доллар акчасын кармата берип отуруп калганын айтууда.

«Мага Польша менен Германиядан жумуш таап, Алматыдагы консулдугуна жиберишти. 12 киши барып бири да өткөн жок. Кайра келсек Израилге жиберебиз дешти, каршы болсок «анда күтүп тургула» деди. Көпкө созулуп кеткендиктен келишимди бузуп акчаны кайтарышын талап кылдык. Финансылык директор Айбек Кадыров менен акыркы жолу сүйлөшкөндө «биз да алданып калдык, баарыбыз жумуштан кетип жатабыз» деген. Ошол бойдон байланыш үзүлдү», — деди Абдиев.

Мындан сырткары, аны менен кошо кетмек болгон эки жигит кредит алып, эми аны төлөө үчүн учурда Россияда иштеп жүргөнүн кошумчалады.

Шылуундардын тузагына түшкөнүн аңдабаган дагы бир жаран жубайы менен Польшага кетүүнү максат кылып 3200 доллар төлөгөнүн айтып берди. Дагы бирөөгө Америкага виза ачып берүүнү убадалап 6000 доллар алганын айтып отурушту.

Бишкек ШИИБдин маалымат кызматынын жетекчиси Улан Жумаков аталган факты боюнча Жазык кодексинин 204-беренеси («Алдамчылык») менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын билдирди.

«Милицияга биринчи арыз 12-ноябрда келип түшкөн. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында учурда иликтөө жүрүп жатат. Ал иш боюнча дагы да арыздар түшүүдө», — деди Жумаков.

Ал эми Миграция кызматынын маалыматтык-консультациялык борборунун жетектөөчү адиси Эсенбек Эргешов «Арай Глобалдын» бир эле өлкөгө орноштурууга лицензиясы болгонун билдирди.

«Бул компания бизден 2018-жылдын мартында кыргызстандыктарды Түркияга гана жумушка орноштуруу үчүн лицензия алган. Кийин Польшага документ тапшырганда депозиттик 100 миң сомду, мамлекетке 4000 сом төлөбөй койгондуктан уруксат берилген эмес. Демек «Арай Глобал» агенттигинин Түркиядан башка өлкөгө жөнөтүүгө укугу жок болчу», — деди Эргешов.

Ошондой эле ал ушул жумада бул маселени комиссия карап, компаниянын лицензиясы жокко чыгарылышы мүмкүндүгүн билдирди.

«Бул компаниянын үстүнөн бизге жамааттык арыз түшүп, Финполго жибергенбиз, алар ишти тергеп атат. Андан тышкары, ИИМге 50дөй арыз түшүптүр. Мурунку жумада мен да барып адис катары көрсөтмө берип келдим. Агенттиктин директоруна чакыруу жиберсек келген жок. Аны укук коргоо органдары да таппай жатат», — деди Эргешов.

Бул компаниянын кеңсесине укук коргоо органдары «ачылбасын» деп мөөр басып кеткен.

Кумга сиңген суудай жоголгон компания

Агенттиктин өзүнүн сайтында расмий аталышы ARAI GLOBAL Consulting & Management Company экени, 2016-жылы ишин баштаганы жазылган.

дикалык жактан тастыкталган жок. Юстиция министрлигинин базасында Талгат Болотов аттуу жаран «Арай Глобал» деген ЖЧКны 2018-жылдын декабрь айында ачканы көрсөтүлөт. Компания сайтында чет өлкөгө жумушка орноштуруу, окууга киргизүү, виза ачуу менен алектенерин жазган. Мындан сырткары, ишкерлерге франшиза, дистрибьютор, өкүлчүлүктөрдү таап берүү кызматын аткарарын белгилейт.

«Арай Глобалдын» юридикалык дарегинде көрсөтүлгөн телефон номер иштебей жатат. Сайтында жазылган номерлер да өчүк болууда.

Башка компаниялары

Алдап кетти делген директор Талгат Болотов башка дагы эки компанияга ээлик кылары белгилүү болду. Ал адистештирилген дүкөндө азык-түлүк саткан «312 Ритэйл Групп» компаниясынын негиздөөчүсү жана директору.

Экинчиси да соода-сатык тармагында иш алып барган «Юнита Трейд» деп аталган ишкана.

Алдамчылардын тузагына түшүп калбаш үчүн…

Чет өлкөгө барып иштөөнү максат кылсаңыз биринчи кезекте жөнөтүп жаткан компанияны изилдеп чыгуу шарт. «Жетекчиси ким?», «Расмий каттоодон өтүп, лицензия алганбы?» деген суроолорго жооп алышыңыз керек. Алгач бул документтерди өзүлөрүнөн сурап, андан соң Юстиция министрлигинин сайтынан каттодон өткөнүн, Миграция кызматынын сайтынан лицензия алганын текшерип көрүңүз. Уруксат кагазын кайсы өлкөгө алганына маани бериңиз. Мисалы, Түркияга деп берилген лицензиянын башка өлкөлөргө тиешеси жок.

Эмгек келишимине кол коюп жатканда кайсы мамлекетке жөнөтүп, кандай жумуш берилет, маянасы жана жашоо-шарты тууралуу жазылышын талап кылыңыз. «Вакансия толуп калды, тезирээк акча төлөсөң кошулуп кетесиң» дегенге көп ишене бербеңиз. Бул да шылуундуктун бир жолу болушу ыктымал.

Сиз баргандан кийин жумуш бере турган компания тууралуу интернеттен карап көрүңүз. Мурда сиз кайрылган агенттик аркылуу кеткен адамдар менен байланышып, ал жактагы шарт-талаптарды билип алыңыз. Толук ишенүү үчүн үч-төрт адам менен маектешип сүрөт, видеолорун сураңыз. Агенттикке кайрылып жатканда эле социалдык баракчаларын сурап алыңыз.

Буга чейин да дал ушундай жол менен «Амасса» агенттиги сызга отурузуп кетти деп ондогон жаран Sputnik Кыргызстан агенттигине кайрылган.

Добавить комментарий