Украиналык учкучсуз учактардын соккулары Россиядагы мунай иштетүүчү заводдорго олуттуу зыян келтирип, кубаттуулуктун азайышына алып келди.
Алардын калыбына келтирилиши санкциялардан улам көбүрөөк убакытты талап кылат, деп билдирет Улуу Британиянын Коргоо министрлиги чалгындоо маалыматтарына таянуу менен.
Британ аналитиктери 2024-жылдын 1-мартынан тарта Россия ички рынокто бааны турукташтыруу үчүн бензиндин экспортуна алты айга тыюу салганын эске салышты. Бул жеткирүүгө болгон басымды жеңилдетип, Россияга нефтини кайра иштетүүчү заводдо оңдоо иштерин жүргүзүүгө мүмкүндүк бериши керек.
«Оңдоп-түзөө иштери адаттагыдан узакка созулушу мүмкүн, анткени Батыштын санкциялары кээ бир керектүү компоненттерди импорттоого жол бербейт», – деп билдирди чалгындоо агенттиги.
Ошол эле маалда талдоочулар орус өкмөтү “президенттик шайлоонун алдында бензиндин жана башка керектөөчү товарлардын кымбатташына өзгөчө сезгич болоорун” белгилешүүдө.