Миллиардер Питер Тиль биткоиндин баасынын көтөрүлүшү инфляцияга байланыштуу экенин айтты

Америкалык миллиардер, PayPal компаниясынын негиздөөчүсү Питер Тиль биткоиндин баасынын 60 миң долларга чейин көтөрүлүшү АКШдагы инфляциянын өсүшүн көрсөтүп жатканын, ага өлкө бийлиги көңүл бурбай жатканын билдирди.

Бул тууралуу Bloomberg агенттиги билдирди.

Улуттук консерватизм боюнча экинчи конференцияда сүйлөгөн сөзүндө миллиардер баалардын көтөрүлүшү убактылуу эмес экенин айтты. Ал АКШнын Федералдык резервдик системасын (ФРС) инфляцияга каршы күрөшпөй, анын олуттуулугун түшүнбөй жатат деп сындады.

“Билесиңерби, биткоин буга чейин 60 000 долларга бааланган жана мен аны агрессивдүү сатып алуу керекпи же жокпу, билбейм. Бирок, албетте, бул бизге кризистик учурда экенибизди көрсөтүп турат”, деди Тиль.

Анын айтымында, ФРС бул көйгөйдөн кабардар да эмес жана баанын өсүшүнө терс кесепеттери жок акча басып чыгара алат деп жаңылып жатат.

Тиль дагы биринчи криптовалютага көбүрөөк акча салган эмесмин деп өкүнгөн.

Добавить комментарий