Мамлекеттик карыз: 3 айда тейлөөгө канча акча коротулду

Финансы министрлиги мамлекеттик карызды тейлөөгө канча каражат жумшалганын айтып берди.

Үстүбүздөгү жылдын үч айында Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө 7 миллиард 586,6 миллион сом бөлүнгөн.

Анын жарымынан көбү – 4 миллиард 889,2 миллиону тышкы мамлекеттик карызды төлөөгө, калганы ички карызды төлөөгө кеткен. Ошол эле учурда өткөн жылдын январь-март айларында бул максаттарга 7 миллиард 160 8,1 миллион сом бөлүнгөн.

Жалпысынан быйылкы жылы КР мамлекеттик карызын тейлөөгө 39 миллиард 528,2 миллион сом бөлүү пландаштырылууда. Ачык маалыматтардын негизинде (2005-жылдан бери) бул рекорддук сумма деп айтууга болот.

Мамлекеттик карыздын көлөмү 

Акыркы маалыматтар боюнча (февраль айынын акырына карата) мамлекеттик карыздын көлөмү 5 миллиард 119,2 миллион долларды түзсө, анын 4,3 миллиарды тышкы карызга туура келген. Акыркы жылдары кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр өсүүдө, мисалы, 2012-жылы бул максаттарга 12 миллиард сомго жакын каражат бөлүнгөн.

Добавить комментарий