Кыргызстанга накталай эмес доллардын агымы көп

Кыргызстандын Улуттук банкы өлкөгө накталай эмес доллардын көп агымы жүрүп жатканын билдирди.

Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Анын айтымында, суроо-талап менен сунуш багытты аныктайт. Суроо-талап жогору болгон учурда КР Улуттук банкы алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн текшилөө үчүн валютаны сатат, ал эми сунуш көбөйгөндө сатып алат.

“Геосаясий кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү болгон Россиядагы кырдаалга байланыштуу накталай эмес доллар жана рублдин көп агымы байкалууда.Ошондуктан биздин рынокто накталай эмес долларлар ашыкча болуп жатат”, – деп түшүндүрдү адис.

Анын айтымында, жыл башынан бери баалардын кескин өзгөрүшүн жөнгө салуу үчүн 190 миллион доллар сатылып алынган. Улуттук банктын өкүлү сөз накталай эмес валютада гана болуп жатканын баса белгиледи.

Ошондой эле, анын айтымында, геосаясий кырдаалдан улам КРга накталай эмес долларлар көп которулуп, алар накталай акчага айланып, өлкөдөн чыгарылууда.

 

Добавить комментарий