Кыргызстанга ковид-19га каршы 1,5 миллион доза вакцина келди

Кытайдан коронавируска каршы Sinopharm вакцинасынын жаңы партиясы Кыргызстанга келди.

Sinopharm COVID-19 каршы вакцинасынын 1,5 миллион дозасы келген. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, Кытай Эл Республикасынан гуманитардык жардамды өткөрүү “Манас” эл аралык аэропортунда болгон.

Учурдан пайдаланып, вице-премьер-министр Эдил Байсалов кыргызстандыктарды, өзгөчө улгайган жана өнөкөт оорулуу туугандарын эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

«Биз ушул жылдын январь айынын ортосуна чейин өлкөдө жаңы омикрон штаммынын пайда болушун күтөбүз. Ковид-19 инфекциясынын жогорку деңгээли болот жана ушул убакка чейин жарандар эмдөөдөн өтүүгө үлгүрүшү керек. Өнөкөт оорулардын болушу каршы көрсөткүч болуп саналбайт, тескерисинче, жарандардын бул категориясы коркунучта жана алар биринчи кезекте эмдөөдөн өтүшү керек», – деди ал.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 14-декабрга карата республика боюнча биринчи дозасы менен 1 миллион 165 миң 204 адам эмдөө алса, экинчи дозасы менен 947 миң 399 адам эмдөөдөн өткөн.

Добавить комментарий