Кыргызстандын мамлекеттик карызынын март айындагы көрсөткүчтөрүнүн төмөндөшү байкалды

Кыргызстандын Финансы министрлиги март айында мамлекеттик карыздын өлкөнүн ички дүң продукциясына карата көрсөткүчтөрү 3,71% төмөндөгөнүн билдирди.

Кыргызстандын мамлекеттик карызы ушул жылдын март айынын аягында 5 миллиард 157,38 миллион долларды түздү.

Анын ичинен 4 миллиард 282,48 миллион доллары республиканын тышкы карыздары. Кыргызстандын негизги кредитору Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы бойдон калууда, 1 миллиард 816 миллион доллар же тышкы карыздын 42,4%.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын февраль айына салыштырмалуу Кыргызстандын тышкы карызы 19 миллион 360 миң долларга азайса, өлкөнүн ички карызы 57 миллион 590 миң долларга көбөйүп, марттын аягында 874,9 миллион долларды түзгөн.

Алсак, 2022-жылдын март айынын акырына карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы үстүбүздөгү жылга болжолдонгон ИДПнын 60,2% деңгээлинде бааланган, бул бир ай мурункудан 3,71 пайыздык пунктка төмөн (февраль айында ИДПга карата 63,91%).

Добавить комментарий