Кыргызстандын экономикасы өсүү туу чокусуна жакындап калды

Кыргызстандын экономикасы өсүү туу чокусуна жакындап калды. Талдоочулар бул көрсөткүч өткөн жылдагы базанын төмөндүгүнө байланыштуу түзүлгөнүн белгилешүүдө.

Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын макроэкономикалык баяндамасында айтылат.

Экономикалык өсүштүн ылдамдашы негизинен 2021-жылдын декабрында алтын өндүрүүнүн болжол менен төрт эсеге көбөйүшү менен шартталган. Ошол эле учурда, 2020-жылдын төмөнкү базасынын таасири 2022-жылдын биринчи айларында ИДПнын өсүшүнө таасирин тийгизет.

«Экономиканын жакшыруусу негизинен өндүрүш жана чекене секторлор менен шартталган, ал эми айыл чарбасы менен курулуштун төмөндөөсү уланууда. Ички инвестиция жана керектөө суроо-талаптары да начар бойдон калууда. 2022-жылдын башында ИДПнын ылдамдашы уланат деп болжолдоп жатабыз. Төмөн базалык эффекттин түгөнүшүнө байланыштуу биринчи жарым жылдын аягында экономикалык өсүш темпинин басаңдашы күтүлөт», — деп айтылат серепте.

Добавить комментарий