Кыргызстандын башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов. Архив Башкы прокуратура: Кыргызстанда ар бир алгач тергөөчүнүн 600дөн иши бар

Алгач тергөөчү — тергөө органдарынын кызмат адамы, ал тергөө органынын начальнигине иш боюнча сотко чейинки тергөө өндүрүшүн тапшырган адис.

Ар бир тергөөчү жана алгач тергөөчүлөрдүн мойнунда жүздөгөн иштер бар. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Сот реформасы боюнча үчүнчү кеңеште билдирди.

Эске салсак, алгач тергөөчүлөр орточо оор кылмыш иштерин иликтейт.

«Ар бир тергөөчүгө 255, ал эми алгач төргөөчүгө 600дөн ашуун иш туура келип жатат», — деди башкы прокурор.
Анын айтымында, бул көрүнүш тергөөчүлөрдүн саны аз болгонуна байланыштуу. Мунун айынан адистер жетишпей, көпчүлүк иштер сотко жетпей создугуп кетип жатат.

Алгач тергөөчү — тергөө органдарынын кызмат адамы, ал тергөө органынын начальнигине иш боюнча сотко чейинки тергөө өндүрүшүн тапшырган адис.

Добавить комментарий