Кыргызстандын банк системасы: ликвиддүүлүк максималдуу көрсөткүчкө жетти

Кыргызстандын банк тутумунда ликвиддүүлүктүн кыскарышынын кыска циклинен кийин, 2021-жылдын III кварталында үстөк ликвиддүүлүк максималдуу туу чокусуна жеткенге чейин акырындык менен өсүшүн көрсөткөн.

Орточо алганда, квартал ичинде банк тутумунун үстөк ликвиддүүлүгү 7,1 млрд сомго көбөйгөн.

Ошол эле учурда бул көрсөткүчтүн тарыхында биринчи жолу сентябрь айында үстөк ликвиддүүлүк деңгээли эң жогорку чегине жеткен.

«Жалпысынан 2021-жылдын үчүнчү чейрегинде банк тутумунда ашыкча ликвиддүүлүктүн калыптанышы акча-кредиттик каналдар аркылуу да, бюджеттик каналдар аркылуу да ресурстардын агылып киришинен улам болгон. Мында, Улуттук банктын операцияларынын үстөк ликвиддүүлүктүн өсүшүнө таза салымы 15,6 млрд сомду түздү», – деп билдирет жөнгө салуучу.

Өз кезегинде, мамлекеттик органдардын операциялары жана банктардан тышкаркы акчалардын өсүшү чейректин жыйынтыгы боюнча коммерциялык банктардын ликвиддүүлүгүнө тиешелүүлүгүнө жараша 3,5 жана 6,2 млрд. сомго кыскарган таасирин тийгизген.

“Улуттук банк стерилдөө операцияларын жүргүзгөнгө чейин үстөк ликвиддүүлүктүн орточо күндүк көлөмү 18,4 млрд сом деңгээлинде болсо, өткөн чейректе бул көрсөткүч 11,3 млрд сомду түзгөн. Инфляциянын монетардык курамдык бөлүгүн чектөө максатында, КР Улуттук банкы үстөк ликвиддүүлүктү өзүнө тартуу боюнча операцияларды жигердүү көбөйткөн. Ошентип, 2021-жылдын үчүнчү чейрегинде өткөн чейрекке салыштырмалуу мындай операциялардын көлөмү 11,7 миллиард сомдон 18,5 миллиард сомго чейин өстү”, – деп түшүндүрөт Улуттук банк.

Улуттук банк банк тутумундагы үстөк ликвиддүүлүктүн деңгээлин негизинен ноталарды сатуу боюнча операциялар аркылуу жөнгө салган. Жүгүртүүдөгү ноталардын орточо күндүк көлөмү 2021-жылдын II чейрегиндеги 7,8 миллиард сомго чейин кыскаргандан кийин акырындык менен өсүп, үчүнчү чейректе 11,6 миллиард сомго жеткен. Ошол эле учурда, стерилизациялоо операцияларынын түзүмүндө Улуттук банктын ноталарынын ълъшънън тёмёндёёсъ уланган жана

62,6% түздү (II кварталда 66,4%, I кварталда 71,7%).

Бул банктардын инвестициялык жүрүм-турумун ачык рынокто операциялардан ашыкча ресурстарды Улуттук банктагы «овернайт» депозиттерине жайгаштырууга кайра багыттоосу менен шартталган.

“Үстөк ликвиддүүлүктүн мөөнөттүү структурасынын өзгөрүшүнүн жана андагы эркин ресурстардын кыскараак болушунун фонунда, жүгүртүү мөөнөтү 7 күндүк ноталарга чогуу алгандагы суроо-талап 5 эсеге өстү, ал эми коммерциялык банктар 14 жана 28 күндүк ноталарга орточо кызыгуу көрсөтүштү (бар. суроо-талаптын 1,5 эсеге өсүшү болуп саналат)”, – деп билдирет КР Улуттук банкы.

Добавить комментарий