Кыргызстандын айдоочулары жөнүндө фактылар

Биздин инфографикадан эркектер айдоочулук күбөлүктү аялдарга салыштырганда канча жолу алаарын, лицензия алуунун орто жашын жана башка көптөгөн нерселерди билүүгө болот.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, айдоочулук күбөлүктөрдүн эң көп саны 2017-жылга чейин берилгендиги белгилүү болду. Андан бери 2018-жылы алынган айдоочулук күбөлүктөрдүн максималдуу саны – 131 666. Салыштыруу үчүн, 2019-жылы бул сан 70 393 болгон.

Жалпысынан 1 миллион 622 миң 109 кыргызстандык айдоочулук күбөлүккө ээ. Алардын ичинен аялдар – 17% түзөт.

Добавить комментарий