Кыргызстандагы ЕБ элчиси өнөктөш катары Европа Бирлигин мактады

Кыргызстандагы ЕБ элчиси Эдуард Ауэр ЕБ менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелер тууралуу айтып берди. Ал белгилегендей, 1990-жылдардын башынан бери жемиштүү иш жүрүп келе жатат.

«Европа Бирлиги өзүн Кыргыз Республикасынын ишенимдүү өнөктөшү катары көрсөттү – биз ар дайым өлкөдөгү демократиялык реформаларды, экономикалык өнүгүүнү колдойбуз, сот адилеттиги, айылдарды өнүктүрүү, билим берүү, социалдык кызматтар жана башка тармактарда жардам көрсөтүп жатабыз», – деди Ауэр

2013-жылдан бери Кыргыз Республикасынын жогорку жетекчилиги Европа Бирлигине төрт жолу келип кетти. Президент Сооронбай Жээнбеков Брюсселде иш сапары менен ЕБ жетекчилиги менен жолукканы акыркы жолу 2018-жылы апрелде орун алды. Кезектеги визиттер 2020-жылга пландаштырылган, бирок COVID-19 кризисине байланыштуу аларды кийинкиге калтыруу керек болчу.

Өз кезегинде Европа дипломатиясынын мурдагы башчысы Федерика Могерини Кыргызстанга эки жолу – 2017-жылы ноябрда жана 2019-жылы июлда барган. Акыркы сапардын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасы менен ЕС кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө жаңы келишимди (КӨКК) демилгелешти. Бул биздин кызматташуубузда жетишилген деңгээлди чагылдырат жана өз ара аракеттенүүнүн жаңы багыттарын жана максаттарын аныктайт.

Учурдагы кызматташуу программасы 2020-жылы аяктайт. Ошондуктан, биз Кыргызстандын бийликтери менен тыгыз кеңешип, 2021-2027-жылдарга карата жаңы программаны иштеп чыгууну баштайбыз. 2019-жылы гана Европа Бирлиги жаңы артыкчылыктарын сунуштады, менин оюмча, Кыргыз Республикасынын артыкчылыктарына толугу менен шайкеш келет: Европалык Жашыл Келишим, туруктуу өнүгүү үчүн жашыл экономика, экономикалык өсүш жана жумушчу орундарын түзүү, санариптештирүү, менеджмент жана мыйзам.

Биз билим берүү жана мыйзам үстөмдүгү жаатында иштеп жатабыз жана бул биздин өнөктөштүктүн негизи болот деп ишенем”, – деди элчи.

Добавить комментарий