Кыргызстанда жашоо минимумунун көрсөткүчтөрү жогорулады. Алардын ичинде эң чоң компонент тамак-аш экени белгиленет.
2022-жылдын экинчи чейрегинде Кыргызстанда жашоо минимумунун орточо өлчөмү 7318,24 сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15,6 пайызга жогорулаганын Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Региондор боюнча жашоо минимуму (сом менен):
Жалал-Абад облусу – 7 698;
Бишкек — 7 452;
Ош — 7240;
Чүй облусу – 7120;
Баткен облусу – 7080;
Нарын облусу – 7031;
Ысык-Көл облусу – 6904;
Ош облусу – 6850;
Талас облусу – 6752.
Жашоо минимумунун түзүмүндө 65 пайызын азык-түлүк, 16 пайызын азык-түлүк эмес товарлар, 17 пайызын кызмат көрсөтүү, 2 пайызын салыктар түзөт.