Кыргызстанда кездемелерди чыгаруу уюштурулду

Кыргызстан ишканаларды түзүү аркылуу бир катар товарларга болгон керектөөлөрдү жаба баштады, деп билдирди Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков II Евразиялык конгрессте.

Анын айтымында, фонд иштеп баштагандан бери республиканын экономикасына 400 миллион доллардан ашык инвестиция салган. Жалпысынан 3 миңден ашык долбоор ишке ашырылган – кичине да, чоң да, системалуу. Новиков кээ бир мисалдарды келтирди:

кластердик өндүрүштүн толук циклин түзүүгө жетишти – пахта өстүрүүдөн жип, кездеме жана тигүү өндүрүшүнө чейин. Кыргызстан мурда 100 пайыз кездемелерди сырттан алып келсе, азыр муктаждыгынын бир бөлүгүн өзүнүн өндүрүшүнүн эсебинен камсыздайт;

Кыргызстанда кант тармагын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча долбоорлор колдоого алынган. Эки кант заводун жандантууга жетиштик, ишке кант кызылчасын өстүргөн 3 миң дыйкан тартылды. Натыйжада Кыргызстан бул продукцияга болгон муктаждыкты 100 пайыз жапты;

фармацевтика өнөр жайын кайра куруу боюнча иштер жургузулуп жатат. Кээ бир дары-дармектерди өндүрүү боюнча ири долбоор ишке ашырылууда, аларга болгон керектөөнү 100 пайызга жабуу пландаштырылууда.

Иш-чараны Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) Россия өкмөтүнүн колдоосу менен уюштурууда.

Добавить комментарий