Кыргызстанда күйүүчү-майдын баасы кандайча өзгөргөн

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети 2020-жылдын 1-апрелинен 17-апрелине чейин Бишкек шаарындагы жана Кыргыз Республикасынын региондорундагы ири базарлардагы күйүүчү-майлоочу материалдардын баасына күн сайын мониторинг жүргүзүп турат.

Ошентип, А-92 маркасындагы бензиндин баасы бир айда орто эсеп менен 0,7 сомго арзандады. Эгерде 17-апрелде А-92 маркасындагы бензиндин орточо баасы литрине 38,59 сом болсо, анда март айында орточо баа бир литрине 39,34 сом болгон.

Мониторингге ылайык, А-92 маркасындагы бензиндин эң төмөнкү баасы Талас шаарында – бир литрине 35,3 сом, ал эми эң жогорку баа – 42 сом литри Исфана шаарында.

Добавить комментарий