Кыргызстанда бензиндин баасы кымбаттады

Кыргызстанда бензиндин баасынын өсүшү байкалды. Акыркы бир айда анын баасы 11,5% жогорулады.

11-мартка карата республика боюнча орто эсеп менен АИ-92 бензининин баасы 42,63 сомду түздү, 11-февралдан бери алар 11,5% жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Белгиленгендей, 11-мартта дизелдик отундун баасы 40,87 сомду түзүп, ага болгон баа өткөн айга салыштырмалуу 7,2% жогорулады.

Баткен шаарында эң кымбат бензин 47,12 сом, эң арзаны Кара-Балтада, 40,83 сом экени белгиленди. Дизелдик күйүүчү май дагы Баткенде эң кымбат – 46,1 сом, Нарында эң арзан – 38,4 сом.

Буга чейин Кыргызстанда акыркы эки айда күйүүчү-майлоочу май 14% же 10 сомго кымбаттап, унаа ээлеринин чыгымына таасирин тийгизип жатканы маалымдалган. Нефтетрейдерлер күйүүчү-майлоочу материалдын кымбатташын Россиядагы өндүрүш ишканаларындагы кырдаал менен түшүндүрүшөт.

Добавить комментарий