Кыргызстан өз каражаты менен жашашы керек: Артем Новиков

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Кыргызстан өз алдынча жашай алат деди. Ал үчүн өлкөнүн ички ресурстарын натыйжалуу пайдаланууну үйрөнүү керек.

Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу, КР биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Жогорку Кеңештин жыйынынын жүрүшүндө билдирди. Жыйында “КР 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору жана “КР 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору каралууда.

“Биз Бюджет кодексиндеги норманы бекитишибиз керек, анда кийинки жылга чыгымдар мурунку жылдын кирешесинен ашпашы керек. Бюджет түзүүгө мамилени өзгөртүү керек. Бардык социалдык милдеттенмелер, мамлекеттик карызды тейлөө жана бюджеттин корголгон беренелери боюнча башка чыгымдар салыктык түшүүлөрдүн эсебинен гана каржыланат. Тышкы жардам экономикалык өнүгүүгө гана багытталат жана кайтарымдуу мүнөздө болот. Өкмөттүн келерки жылдагы башкы приоритети калкты жумуш менен камсыз кылуу экендиги талашсыз”, – деди премьер министрдин милдетин аткаруучу.

Экономиканы калыбына келтирүүгө жана туруктуу өсүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

“Ушул максатта биз ата мекендик бизнести колдойбуз жана коргойбуз, инвестициялардын жагымдуулугун жогорулатабыз. Ошондой эле бюджеттин туруктуулугун камсыз кылуу жана кошумча резервдерди табуу милдети турат. Бардык мамлекеттик программаларды ишке ашыруу үчүн болгон күч-аракетибизди жумшайбыз. Бул бизге туруктуулукту жана өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет”, – деп жыйынтыктады Артем Новиков.

Добавить комментарий