Кыргызстан насыя түйшүгүн көтөрө албай жатат

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Тышкы иштер министрлигинин башчысы Чыңгыз Айдарбековдун кытайлык кесиптеши Ван И менен жолугушуусу жөнүндө маалымат берди.

Пандемия учурунда КЭР өкүлүнүн жеке иш сапары,

стратегиялык өнөктөштүк мамилелерине тараптар берген чоң маанини көрсөтөт.

Ч.Айдарбеков Кытай тарапка олуттуу гуманитардык жардам көрсөткөндүгү жана коронавируска каршы күрөштө туруктуу колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Тышкы иштер министрликтеринин башчылары кыргыз-кытай кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Биз COVID-19 пандемиясынын айынан ишке ашырылышы аргасыз токтотулган эки тараптуу маанилүү долбоорлорду иш жүзүндө илгерилетүүгө көңүл бурдук. Кыргызстандын экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын Кытайга экспорттоо маселелери козголду.

Тараптар 8-сентябрдан тарта Торугарт өткөрүү пункту аркылуу жүк ташуунун жанданышына канааттангандыктарын билдиришти. Кыргыз Республикасы менен КЭРдин ортосунда өз ара жүк ташууну калыбына келтирүү пандемиянын шартында соода-экономикалык байланыштарды жандандыруунун негизги фактору экендиги баса белгиленди.

Коронавирустук инфекциянын макроэкономикалык кырдаалга тийгизген терс таасиринен улам, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы өлкөнүн бюджетине тышкы карыздын оорчулугун жеңилдетүүгө көмөктөшүү өтүнүчүн билдирди.

Иш сапардын жүрүшүндө, «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн техникалык потенциалын чыңдоо» долбоорун ишке ашыруу боюнча Кыргызстан менен КЭР өкмөттөрүнүн ортосунда алмашуу каттарына кол коюлду. Долбоордун алкагында 100 бирдик өрткө каршы, атайын жана куткаруучу унааларды жана 15 бирдикти өрткө каршы жана куткаруу шаймандарын жеткирүү пландаштырылууда.

Добавить комментарий