Кыргызстан: Майнерлердин чегерүүлөрү эки эседен ашык көбөйдү

Кыргызстандын Финансы министрлиги үстүбүздөгү жылдын январь айынан май айына чейинки мезгилде майнерлердин ишмердүүлүгүнөн салык түрүндөгү чегерүү 5 миллион 855 миң сомду түзгөнүн билдирди.

Ошол эле маалда мындан бир жыл мурда, ушул эле мезгилде казынага түшкөн майнинг салыгы 2 миллион 505,3 миң сомду гана түзгөн. Башкача айтканда, 3 млн 349,7 миң сомго аз.

Ошентип, майнерлердин ишмердүүлүгүнөн мамлекеттик казынага түшкөн киреше 2,3 эсеге өстү деген тыянак чыгарууга болот.

 

Добавить комментарий