«Кыргызстан» фракциясында өлкөнү таза суу менен жабдуу, канализация тутумдарын реабилитациялоо иштеринин жүрүшү талкууланды

6-декабрда «Кыргызстан» парламенттик фракциясынын жыйынында Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин ишмердүүлүгү жана таза суу менен жабдууга, канализация тутумдарын реабилитациялоого, суу менен камсыз кылууга, санитарияны жакшыртууга алынган кредиттер жана гранттар боюнча маселе каралды.

Жыйында КР Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин төрагасы Көкүмбек Таштаналиев баяндама жасады. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата ичүүчү суу тутумдарын жаӊыдан курууну талап кылган 653 айыл бар. Булардын баарын 2024-жылга чейин бүткөрүү милдети КР Президенти тарабынан коюлган. 2017-2018-жылдары 37 айылдын таза суу тутумдары курулуп, пайдаланууга берилген. 2019-жылы болсо 22 айылдын таза суу тутумдары боюнча курулуш иштер бүткөрүлүү алдында турат. Жогоруда аталган 653 айылдын 299унда таптакыр таза суу болгон эмес, андыктан бул айылдарга артыкчылык берилүүдө. Андан соӊ 1970-жылдарга чейин куралган таза суу тутумдарына, андан кийин 1990-жылдарга чейин салынган ичүүчү суу тутумдарына артыкчылыктар берилмекчи.

Талкуу жүрүшүндө депутат Тынчтык Конушбаев бул 653 айылды таза суу менен камсыздоо 2024-жылга чейин график-график болуп бөлүнгөндүгүн тактап, алардын каржылоо булактарынын аныкталгандыгына кызыкты. К.Таштаналиевдин айтымында, ар жылы республикалык бюджеттен 500 млн сомдон бөлүү каралгандыгын, ошону менен катар эл аралык уюмдар менен кызматташуулардын негизинде каржыланаарын чечмелеп берди.

Фракция лидери Алмазбек Баатырбеков жер-жерлерде таза суу тутумдарынын курулушу боюнча нааразычылыктар көп болуп жаткандыгын айтып, ага бултыр таза суу тутуму курулган Нарын шаарын бир жыл өтпөй суу түтүктөрүндө 7-8 ирет авариялык жарылуулар болгондугун мисалга тартты. «Мындай курулушу бүткөндөн кийин келип чыккан мүчүлүштүктөрдү аныктап чыгып, аларга күнөөлүү болгон жактарды жоопкерчиликке тартуу зарыл»,- дейт фракция лидери. Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин төрагасы Көкүмбек Таштаналиев мындай көйгөйлөр башка жерлерде да болуп жаткандыгын моюнга алып, аларды иликтеп, карап чыгууга убада берди. Депутат Алмазбек Баатырбеков ирригациялык объектилерди реабилитациялоодо 1 километри 6 млн сомдон каржыланып жаткандыгын да кайра карап чыгууну тиешелүү Өкмөт өкүлдөрүнө тапшырды.

Депутат Таалайбек Масабиров жыйынга катышкан Эсептөө палатасынын өкүлүнөн таза суу тутумун курууда бир объектиден эле 700 миӊ сомдук мыйзам бузуу аныкталгандыгын жана ал кайра ордуна коюлгандыгын тактап, бул жагдайга да да тыкыр көзөмөл кылуу зарылдыгын айтты. «Таза суу менен камсыздоодо борборлоштуруп бир органга жоопкерчилик жүктөлбөсө эч ким жооптуу болбой калып жатат. Эл болсо таза суусуз калууда. Алынган насыяны болсо мамлекет, эл төлөшү керек болот»,- дейт депутат Алмазбек Эргешов.

Жыйынтыгында Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиевдин берген малыматын эске алуу чечими кабыл алынды. Ошондой эле жогоруда фракция депутаттары тарабынан айтылган сын-пикирлерди эске алуу менен бул маселеге 2020-жылдын март айында кайрылмай болушту.

Добавить комментарий