Кыргызстанда инфляциянын жылдык орточо деңгээли 10,8% деңгээлинде калууда. Акыркы алты айда бул көрсөткүч ушул деңгээлде болду. Бул белгиленген көрсөткүчтөн 5-7% жогору.
Мындай маалыматты республиканын Экономика жана финансы министрлиги таратты.
Жылдык инфляциянын деңгээли 2021-жылдын январь-июнь айларында өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу 107,3% түздү. Инфляциянын жылдык орточо деңгээли 2021-жылдын январь-июнь айынан 2020-жылдын январь-июнуна чейин 110,8% түзөт.
Эске сала кетсек, ушул жылдын май айында жылдык инфляция деңгээли 110,7% түзгөн.