КР өкмөтү ири инвесторлорду издеп жатат

Өкмөт өнүгүү боюнча өнөктөштөрдөн 56,2 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү инвестициялык долбоорлорду тартууда, деп билдирди каржы министри Бактыгүл Жээнбаева брифингде.

Тактап айтканда, Дүйнөлүк банктын алкагында 9 миллион доллар, анын ичинде Саламаттыкты сактоо министрлиги 4,2 миллион доллар өлчөмүндөгү медициналык жабдууларды, ошондой эле 3,9 миллион доллар өлчөмүндө ушул жабдыктарды жеткирүү пландаштырылууда.

Анын айтымында, мындан тышкары, Дүйнөлүк банктын 12,1 миллион АКШ доллары суммасындагы келишиминин алкагында тендер процесси улантылууда. Бул долбоор саламаттыкты сактоо тармагын – жабдууларды, жеке коргонуу шаймандарын, ыкчам жооп кайтаруучу топтордун жабдууларын, ошондой эле ооруканалардын потенциалын күчөтөт – медициналык шаймандар, буюмдар, медициналык таштандыларды жок кылуу тутумун өркүндөтүү үчүн. 

Добавить комментарий