Коопсуздук кеңешинин катчысы КРдагы коопсуздукка негизги коркунуч тууралуу айтып берди

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов борбор калаада өткөн тегерек столдогу бүгүнкү сөзүндө мамлекет үчүн эң башкы коркунуч шайлоо экенин айтты.

«Кыргызстанда акыркы 20 жылда адилетсиз шайлоолордон улам өлкөнүн саясий жана экономикалык жашоосунда туруксуздук пайда болду. Шайлоодогу саясий оюндар кан төгүүгө алып келет. Буга мисал катары 2005, 2010 жана 2020-жылдардагы парламенттик шайлоодон кийин болгон окуяларды айтсак болот. Ар ким улуттук коопсуздукту унутуп, жуурканды өзү тартып алат. Ошондуктан, биз бийликке абийирсиз шайлоо элдик толкундоолорго алып келиши мүмкүн деген кооптонуубузду билдирдик», – деди Коопсуздук кеңешинин катчысы.

Ал эми Кыргызстандын коопсуздугуна коркунуч туудурушу мүмкүн болгон тышкы факторлорго келсек, бул жерде Марат Иманкулов Ооганстандагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирди, ал жерде радикалдуу талиптердин кыймылынын согушкерлери бир провинцияны басып алууда.

Эске салсак, Коопсуздук кеңеши коргонууну жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуучу жогорку орган болуп саналат. Аны президент жетектейт жана курамга Жогорку Кеңештин төрагасы, министрлер кабинетинин башчысы, ошондой эле Коргоо министрлигинин, ТИМдин, Экономика министрлигинин, Улуттук коопсуздук комитети жана Башкы прокурор кирет. Кеңеш улуттук коопсуздукка коркунуч туудурган көйгөйлөрдү талкуулайт, бул багытта фундаменталдуу документтерди кабыл алат. Коопсуздук кеңешинин аткаруучу органы катчылык болуп саналат, аны азыр Марат Иманкулов жетектейт.

Жаңы парламенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын күзүндө, жакында кабыл алынган КР Конституциясына жана жаңы шайлоо мыйзамдарына ылайык өтүшү күтүлүүдө.

Добавить комментарий