Казакстандагы баш аламандыктар: кыргызстандык саясат таануучунун комментарийи

Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов Казакстанда болуп жаткан окуялар биздин өлкөгө да таасирин тийгизиши мүмкүн деп эсептейт.

Тактап айтканда, ал Казакстан Кыргызстандын эң ири өнөктөштөрүнүн бири экенин жана анда болуп жаткан окуялар биздин өлкөгө да таасирин тийгизбей койбой турганын белгиледи.

“Казакстандын бийлиги массалык баш аламандык учурунда талап-тоноочулук менен алектенген адамдардын арасында Казакстан Республикасынын аймагына түштүк чек ара аркылуу кирген Борбордук Азиянын жана Жакынкы Чыгыштын дээрлик бардык мамлекеттеринин жарандары болгондугун билдирүүдө. Буга байланыштуу Бул өлкөлөрдүн жарандарынын эркин жүрүүсүнө карата чаралар азыртадан эле көрүлүп жатат жана бул бир жагынан контрабанда агымын токтотсо, экинчи жагынан бул өлкөлөрдүн жарандарынын товарларын өз убагында алуусуна таасир этиши мүмкүн.

Саясий көз караштан алганда, Борбордук Азия мамлекеттеринин атайын кызматтары менен жетекчилигинин ортосунда жакындашуу, тыгыз саясий кызматташуу болот деп ойлойм. Казакстандагы окуяларга чейин бардык жарыяланган көп векторлуу тышкы саясат менен Батыш өлкөлөрүнө басым жасалган. Эми Казакстандын жетекчилиги үчүн аймактагы жакынкы коңшулар менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү зарыл экени айкын болушу керек”, – деди Бактыгулов.

Казакстандагы окуялардан кийин өлкөбүздүн жетекчилиги чыгарышы керек деген тыянакка келсек, саясат таануучу буларды айтты.

“Азык-түлүк коопсуздугу боюнча концепцияны кайра карап чыгышыбыз керек. Документтер Акаевдин тушунда иштелип чыккан, бирок андан бери ички да, тышкы да саясий кырдаал өзгөрдү. Концепция иштелип чыкканда негизги азык-түлүктөрдү сырттан сатып алабыз деп алдын ала айтылган, бирок азыр майнап чыкпаганына ынандык”, – деди саясат таануучу.

Ал кошумчалагандай, мындан тышкары республиканын бийлиги ыкчам иштерди күчөтүшү керек.

 

Добавить комментарий