Канаданын жараны Кумтөрдүн тышкы менеджери болуп калышы мүмкүн

Бүгүн, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров Канаданын жараны Кумтөрдө тышкы менеджер боло алат деп жарыялады.

Анын айтымында, кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө үчүн Тенгиз Бөлтүрүк Centerra Gold компаниясынын Директорлор кеңешинен кетти.

«Биз тышкы менеджердин ролунда эки адамды даярдап жатабыз. Эгерде бүгүн колдосоңуз, анда аларды бүгүн дайындап койгубуз келет», – деди Акылбек Жапаров.

Буга чейин парламентте Тенгиз Бөлтүрүктүн жарандыгы боюнча суроо жаралган. Ал кош жарандыгы бар экендигин айтты – Кыргызстандын жана Канаданын паспорттору.

Февраль айында Жогорку Кеңеш Кумтөр алтын казуучу ишкананын ишин текшерүү боюнча комиссия түзгөн. Комиссия кенди аутсорсингке өткөрүп, Centerra Gold компаниясынан 4 миллиард доллардан ашык каражатты өндүрүп алууну сунуштап жатат.

Добавить комментарий