Эксперт Түркия менен АКШ алакасына баа берди

Анкаранын америкалык базалардын жабылышы мүмкүн деген билдирүүсүнөн кийин Пентагон Түркия менен мамилени бузбай сактап калганга аракет кылууда.

Буга чейин Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоган АКШнын санкцияларына жооп кылып Түркиянын аймагында жайгашкан «Инжирлик» жана «Күрежик» аба базаларын жабуу туурасында сөздүн чекесин чыгарган.

«Биздин Түркиядагы күчтөрүбүздүн статусун 10 жылдарды камтыган биргелешип иштөө милдеттенмеси жана НАТО боюнча союздашыбыз, стратегиялык өнөктөш Түркиянын коргонуусуна жардамдашуунун символу катары карайбыз. Министрлик бул мамилени сактап калууга аракет кылат. Аны менен катар, пикирлер эки ача болсо да С-400, Сирия жана башка өңүттөгү маселелер боюнча Түркияны конструктивдүүлүккө ыктаган саясатка үндөйбүз», — деген маектеш.

Ал Түркиянын Афганистандагы, Косоводогу жана Ирактагы ролун белгилеп кеткен.

Түркиянын түштүгүндөгү Адана провинциясында жайгашкан «Инжирлик» аба базасын америкалык Аскер аба күчтөрү пайдаланат. «Күрежик» аба базасы аты окшош райондун аймагында Малатья провинциясында ракеталык чабуул тууралуу эртелеп кабар берүүчү радиолокациялык станциянын ишин жөнгө салып турат. Ал НАТОнун Европадагы ракеталык кол салуудан коргонуу системасынын бир бөлүгү.

Sputnik радиосунун эфиринде Стратегиялык изилдөө боюнча Россиялык институттун эксперти Владимир Фитин абалга комментарий берип, Анкара менен Вашингтондун тирешүүсү бир топ мезгилден бери келе жаткандыгын жана эч ким позициясын бергиси келбегендигин айтты.

«Азыр абал төмөнкүчө: кимдин чыдамы биринчи түгөнөт. НАТО колоннасын ичинде алаканы куруп, анда Түркия өзүнүн ниеттери менен өзгөчөлөнбөшү жана башкалардан айырмаланган кызыкчылыктарын көргөзбөшү керек деген ниетте бул күрөш АКШ-Түркия ортосунда көптөн бери келе жатат. Эки кеседеги салмак — эки башка нерсе. Бир жагынан, америкалыктар Түркия толугу менен Вашингтондон берилген нускамаларга баш ийишин каалайт. Ал эми экинчи тарабынан, НАТО потенциалынан алып караганда, Түркия армиясынын абдан маанилүү экендигин түшүнүп турат. Ал — НАТОнун ичиндеги экинчи орундагы, бул альянстын чыгыш флангын камсыздаган армиянын ээси», — деди Фитин.

Эки өлкөнүн мамилесин солгундаткан россиялык абадан коргонуу С-400 системасы быйылкы жылдын июль айынан Түркияга тарта жеткириле баштаган.

Вашингтон түрктөргө Россия менен келишимден баш тартып, АКШда жасалган Patriot комплексин сатып алууну сунуштаган. Антпесе, F-35 истребителдерин сатпай коерун жана CAATSA (Американын каршылаштарына санкциялардын жардамы менен каршы туруу жөнүндөгү мыйзам) санкциясын киргизерин айткан. Бирок Анкаранын андан баш тартып койгону маалым.

Эрдогандын айтымына караганда, «Триумфтар» 2020-жылдын апрелинен тарта колдонула баштайт.

Добавить комментарий