Экономика министри Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлардын баасын кармап туруу убактылуу чара экенин билдирди. Анын пикиринде, электр унааларын колдонууну өнүктүрүү жана коомдук транспортту субсидиялоо зарыл.
Келечекте күйүүчү-майлоочу майлардын баасын кармап туруу кыйын болот. Мындай билдирүүнү Кыргызстандын экономика министри Данияр Амангелдиев Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын баасы коңшуларга салыштырмалуу арзан.
«Бизде күйүүчү-майлоочу майлар эң арзан. Бул мамлекеттик жөнгө салууга байланыштуу. Бирок келечекте бааны кармап туруу кыйын болот. Биз аймактагы бааларды теңдештирүү үчүн даяр болушубуз керек. Электр менен жүрүүчү унааларды колдонууга өтүшүбүз керек” — деди Данияр Амангелдиев.
Министр ошондой эле коомдук транспорттун күйүүчү майын керектөөсүн субсидиялоо системасын ишке киргизүү зарылдыгын белгиледи.