Январда болжолдонгон бюджет тартыштыгы – 4,9 млрд сом

Божомолдор боюнча, 2022-жылдын январында Кыргызстан бюджеттин тартыштыгына туш болот.

Кыргызстандын Финансы министрлиги январь айынын кассалык планын жарыялады. Документке ылайык, үстүбүздөгү айда бюджеттик ресурстар 13 миллиард 453,2 миллион сом өлчөмүндө күтүлүүдө.

Алар негизинен салыктык түшүүлөрдөн турат, алар казынаны 11 миллиард 324,8 миллион сомго толтурууга тийиш.

Мында бюджеттин чыгашасы 18 миллиард 395,6 миллион сом көлөмүндө күтүлүүдө. Ошентип, тартыштык 4 миллиард 942,5 миллион сомду түзөт.

 

Добавить комментарий