Инфляция 7% чейин көтөрүлөт деп болжолдонууда

Азия Өнүктүрүү Банкы Кыргызстандагы экономикалык кырдаалга изилдөө жүргүзүп, өлкөдөгү инфляция жана экономиканын калыбына келиши жөнүндө маалыматтарды билдирди.

Анын айтымында, ал 2021-жылы калыбына келип, андан кийин 2022-жылы тездейт, анткени чек аралар ачылып, камсыздоо чынжырлары иштей баштайт. Бул тууралуу Азия Өнүктүрүү Банкынын отчетунда айтылат.

АӨБ 2021-жылы ички дүң өнүмдүн (ИДП) өсүшүн 3,5% жана 2022-жылы 5,0% өсүшүн болжолдоодо.

«Биз өсүшкө этияттык менен үмүттөнгөнүбүз менен, көп нерсе Борбор Азия чөлкөмүндөгү калыбына келтирүүгө байланыштуу болот», – деди АӨБдүн КРдагы директору Канокпан Лао-Арайа.

2021-2022-жылдары инфляциянын 7% чейин өсүшү күтүлүүдө. Бирок, валютанын арзандоосунун уланып жаткан таасиринен жана сунуштар чынжырынын жай калыбына келүүсүнөн улам, азык-түлүк инфляциясы жогору бойдон кала берет. Борбордук банк баалардын туруктуулугуна басым жасап, туруксуздукту жоюу үчүн гана валюта базарларына кийлигишүүсү күтүлүүдө.

Алтындын орточо экспорту 2021-2022-жылдарда жалпы экспорттун өсүшүн 5% чейин жеткирет деп белгиленет. Ошол эле учурда, кийинкиге калтырылган инфраструктуралык долбоорлордун жанданышы менен импорт болжол менен 10% жогорулашы мүмкүн. Акча которуулар эки жылдын ичинде РФнын экономикасын калыбына келтирүү шартында болжол менен 5% өсүшү мүмкүн.

Коронавирус (COVID-19) азайган сайын социалдык коргоону жакшыртуу жана экономиканы турукташтыруу үчүн, отчетто пандемия учурунда жумушсуз калган жана кайтып келген мигранттарды интеграциялоо сунушталат.

Добавить комментарий