Индия Россиядан чийки мунай затын олуттуу арзандатуу менен сатып алат

Индия Россиядан мунайды арзандатылган баада сатып алууну пландап жатат. Кеп баррелине 25 долларга жакын арзандатуу жөнүндө болуп жатат.

Индия Украина менен болгон жаңжалдан улам Батыш өлкөлөрү киргизген санкциялардан улам Россиядан мунай сатып алуу мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатат. Бул тууралуу Voice of America билдирди.

Индиянын мунай жана газ министри Хардип Сингх Пури 15-мартта парламенттин жогорку палатасында сүйлөп жатып, өлкөнүн өкмөтү орус чийки мунай сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди. «Мен Россия Федерациясынын өкүлдөрү менен тиешелүү деңгээлде сүйлөштүм. Учурда бул маселе талкууланып жатат», – деди ал депутаттарга.

Хардип Сингх Пури белгилегендей, өкмөт мунайдын жеткиликтүүлүгүн жана төлөө ыкмаларын карап жатат.

Белгиленгендей, мунайга болгон муктаждыгынын 85 пайызын импорттун эсебинен камсыздаган Индия арзан баада сатып алуу аркылуу өсүп жаткан энергия төлөмдөрүн кыскартууга умтулууда.

Times of India гезити өлкөнүн алдыңкы мунай компаниясы болгон Indian Oil Corporation (IOC) май айында жеткирүү үчүн Urals мунайынынмай айында жеткирүү менен, ушул күнгө карата Brent баасына салыштырмалуу баррелине $20-25 арзандатуу менен сатып алуу боюнча келишимдин жакында аяктай турганын билдирди. 

IOC мунай сатуучудан санкциялардан улам жеткирүү жана камсыздандырууну уюштурууда кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн Индиянын жээгине жеткирүүнү талап кылган атайын өзгөртүлгөн шарттарда мунай сатып алууда.

Басылманын айтымында, Нью-Делинин Москвадан чийки мунай сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрү Индия Россия менен соода-сатык үчүн эшигин ачык калтыраарынан кабар берет.

Россия Индияны мунай экспортун жана инвестицияны көбөйтүүгө үндөдү. Өткөн жума күнкү билдирүүсүндө Россиянын вице-премьер-министри Александр Новак Индияга мунай жана мунай продуктуларынын экспорту 1 миллиард долларга жакын болгонун жана “бул көрсөткүчтү көбөйтүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр бар” деп билдирди.

Омск шаарындагы мунай иштетүүчү завод, Россия, 16-март, 2022-жыл

Ал ошондой эле Индиянын мунай жана газ министрине Москва «россиялык мунай жана газ тармагына индиялык инвестицияны мындан ары да тартууга жана Индиядагы россиялык компаниялардын катышуусу менен бөлүштүрүү тармагын өнүктүрүүгө кызыкдар экенин» айтты.

Россиянын чийки мунайды арзандатылган баада жеткирүү жана камсыздандыруу жана ташуу чыгымдарын көтөрүү сунушунан пайдаланып, Индия 2022-жылы Россиядан 2 миллион тоннага чейин же 15 миллион баррелге жакын чийки мунай импорттой алат. Өлкө күйүүчү майды CIF (cost, insurance and freight) моделинин шарттары боюнча сатып алууну көздөп жатат – бул учурда РФ товарды портко жеткирүү, камсыздандыруу жана кеменин жүк ташуу чыгымдарын өз мойнуна алат.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Джен Псаки журналисттерге күнүмдүк маалымат жыйынында Индиянын арзандатылган орус мунай сатып алуу чечими АКШнын Москвага каршы санкцияларын бузбай турганын айтты.

Индия дүйнөдө үчүнчү ири мунай импорттоочусу. Жеткирүүлөрдүн негизги бөлүгү Жакынкы Чыгышка жана АКШга кетет, импорттун 3 пайызга жакыны орус мунайына туура келет.

 

Добавить комментарий