Ичкилик иммунитетти төмөндөтөт: эмне үчүн эпидемия учурунда ичпеш керек

Кээ бир адамдар спирт ичимдиктери илдеттен сактап калат деп ишенишет. Нарын шаарындагы педиатр  Эркин Сагындыкова ден соолугуна алкоголдук коркунучтар жана медициналык беткап туура кийүүгө жөнүндө айтып берди.

«Көптөгөн адамдар арак илдетткен сактайт деп ишенишет. Жок, тескерисинче, ичкилик адамды алсыз кылат, иммунитетти төмөндөтөт. Жергиликтүү оорукана көп ичип алган жарандарды кабыл алууда. Ага дуушар эркектердин аялдары капа болшат. Мындан тышкары, өлкөдө бул илдет боюнча көйгөйлөрдон тышкары, ошондой эле спирт менен бир көйгөй пайда болду. Организм ичкиликтин ченемсиз колдонуусуна туруштук бере албайт. Түркияда, эл жасалма ичимдик менен ууланып өлгон учурлар көп болгон. Аялдар коронавирусту алдын алуу үчүн, алардын күйөөлөрү арак ичип жатканын чалып айтышат.” — деди ал.

Педиатр масканы кандай туура кийип жана кантип жууш керек экенин бөлүштү.

«Азыркы кырдаалда иммундук системаны жогорулатуу жана тамактануу жана витамин ичуу зарыл. Сиз 8 сааттык жумушта болсонор, сиз марли маска жасап, аны ар бир эки саат сайын алмаштырышынар керек, бир жолку маскаларды 20 мүнөттөн кийин пайдаланудан ыргытыш керек. Маска кийгенден кийин, ага кол тийгизбегиле, кайра албагыла мурунга тийбегиле, бетти кармабагыла. Адам оорубай турса деле, өзүнүн ден соолугуна алдын алуу боюнча жык жерлерде маска кийүү керек.

Масканы хлораминге чылап коюуу керек же кайнатылган суу менен жууш керек, ошондо ганан вирус болот. Бир гана кир самын менен жууш керек. Кир самын менен жуунган да пайдалуу. Мурунду туздуу же физраствор менен жууш керек, ал эми тамакты чайкаш учун «200 мл сууга бир чай кашык сода салып чайкаш керек — деп Э.Сагындыкова аяктады.

Добавить комментарий