ЕРӨБдүн отчетунда КРда чекене сооданын калыбына келиши белгиленген

Евразия өнүктүрүү банкынын макроэкономикалык серепинде Кыргызстан чекене сооданын калыбына келүү чокусунан өткөнү маалымдалды.

Серепчилердин айтымында, ички суроо-талап негизинен акча которуулардын агымы жана керектөө кредиттери тарабынан колдоого алынат.

«Инвестициялык активдүүлүк июнь айында позитивдүү планга кирип, күч алууну улантты, бирок дагы эле кризиске чейинки деңгээлден төмөн бойдон калууда», – деп билдиришти ЕРӨБдө.

Мындан тышкары, эл аралык банк инфляция жогору бойдон калып жатканын белгиледи. ЕРӨБдүн божомолу 2022-жылы сомдун курсунун туруктуулугунун жана убактылуу факторлордун алсырашынын шартында баалардын өсүшүнүн басаңдашын болжолдойт.

Добавить комментарий