ЕБ россиялыктарга берилген алтын паспортторду жокко чыгарат

Еврокомиссия антироссиялык санкцияларга кабылган россиялыктардын алтын паспортторунан ажыратуу керектигин жарыялады.

Еврокомиссия Евробиримдик өлкөлөрүнө “алтын паспортторду” (инвестициялардын ордуна жарандык) алуунун бардык схемаларын токтоосуз жокко чыгарууну жана санкцияларга кабылган Россия менен Беларустун жарандарына мурда берилген паспортторду жокко чыгарууну ойлонууну сунуштады.

“Европалык баалуулуктар сатылбайт. “Алтын паспорт” аркылуу жарандыкты сатуу мыйзамсыз жана биздин коопсуздугубузга олуттуу коркунуч келтирет деп эсептейбиз. Ал коррупцияга, арам акчаны адалдоого жана салык төлөөдөн качууга жол ачат”, – деди Еврокомиссардын юстиция боюнча мүчөсү Дидье Рейндерс.

Жакында эле Евробиримдиктин алтын паспортторун сүйүнүп алган россиялыктар эртең алардан ажырап калышы мүмкүн

Жакында эле Евробиримдиктин алтын паспортторун сүйүнүп алган россиялыктар эртең алардан ажырап калышы мүмкүн

Добавить комментарий