ЕАЭБдин Улуттук банктары каржы рыногун жөнгө салуунун бирдиктүү системасынын үстүндө иштеп жатышат

Бишкекте ЕАЭБ мамлекеттеринин борбордук (улуттук) банктарынын валюта саясаты боюнча Консультативдик кеңештин 22-жыйыны өттү.

Иш-чарага Кыргызстандын Улуттук банкы төрагалык кылды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

Кеңеш ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук (борбордук) банктарынын валюта саясат боюнча кызматташтыгын өнүктүрүү жана тереңдетүү менен алектенет.

«Жолугушуунун катышуучулары ЕАЭБ өлкөлөрүндө учурдагы экономикалык абалды жана валюта саясатын ишке ашыруунун жүрүшүн, финансы рыногун жөнгө салуу боюнча улуттар аралык орган жана стандартташтырылган лицензия жөнүндө макулдашуулардын долбоорлорун, ошондой эле интеграциялык өз ара аракеттенүүнүн бир катар башка актуалдуу маселелерин талкуулашты», – деп айтылат билдирүүдө.

Добавить комментарий