ЕАЭБдин тышкы соодасынын көлөмү дээрлик чейрек көбөйдү

ЕЭКтин отчетунда билдирилгендей, ЕАЭБдин тышкы соодасынын көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик чейрек көбөйдү.

2021-жылдын январь-июнь айларында 2020-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу ЕАЭБге кирбеген өлкөлөр менен тышкы соода көлөмү 24,5% өстү. Мындай маалыматтар ЕЭК тарабынан берилген.

Ошентип, Беларуста сооданын өсүшү 30,6%, Россияда – 28%, Кыргызстанда – 16,3%, Арменияда – 12,2% түздү.

ЕАЭБ боюнча товарлардын өз ара соодасынын көлөмү 31,9%өстү: Кыргызстан – 55,2%, Казакстан – 42,5%, Россияда – 33,8%, Арменияда – 35,6%, Беларуста – 22%.

Добавить комментарий