ЕАЭБда айыл чарба өндүрүшү 1,7% өстү

ЕАЭБда үстүбүздөгү жылдын январь айынан май айына чейинки мезгилде айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн өсүшү байкалган.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,7% өскөн.

ЕЭКтин маалыматы боюнча, өсүш Россияда – 2,3%, Кыргызстанда – 2,2% жана Казакстанда – 1,3% байкалган.

Анын ичинде мал чарбасынын негизги продуктыларын өндүрүү көбөйдү: союлуучу мал жана канаттуулар (тирүү салмакта) – 3,8%, сүт – 0,9%, жумуртка – 2,7%.

Малды жана канаттууларды союу үчүн өндүрүүнүн өсүшү боюнча Россия (+ 4,9%) жана Кыргызстан (+ 2,7%) лидер болуп калышты. Сүт өндүрүү Беларуста 0,2%дан Кыргызстанда 1,9%га чейин көбөйдү. Жумуртка өндүрүүнүн максималдуу өсүшү Казакстанда – 9,7%га катталды.

Добавить комментарий