БУУ: дүйнө жүзү боюнча инвестициялар азайып жатат

Коронавирус пандемиясынын натыйжасында, инвестициялык активдүүлүк дүйнө жүзү боюнча бир топ төмөндөгөн. Тактап айтканда, тикелей чет элдик инвестициялардын глобалдык агымынын көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 49 пайызга азайганы кабарланууда.

Долбоорлорго пандемия жана карантин, ошондой эле рецессия терс таасирин тийгизди. Бул тууралуу БУУнун соода жана өнүгүү боюнча конференциясынын жаңы докладында айтылат.

Дүйнөлүк соода көлөмү 2019-жылга салыштырмалуу 5% гана азайган

Рецессия чет өлкөлүк түз инвестициялардын бардык негизги формаларына таасирин тийгизди. Жаңы инвестициялык долбоорлордун саны 37%, биригүүлөр – 15%, инфраструктуралык инвестициялардын маанилүү булагы болгон трансчекардык долбоорлорду каржылоо боюнча бүтүмдөрдүн саны 25% кыскарган.

«Келечек өтө эле белгисиз бойдон калууда жана саламаттык сактоо кризисинин узактыгына жана пандемиянын экономикалык таасирин азайтуу боюнча саясат иш-чараларынын натыйжалуулугуна байланыштуу болот. Белгисиздик геосаясий тобокелдиктерге байланыштуу», – деп айтылат БУУнун докладында.

Кинотеатрлар жоготууларга учурап, иштөөгө уруксат сурашат

Экономикасы өнүккөн өлкөлөрдө инвестициялардын көлөмүнүн олуттуу кыскарышы байкалган. Мисалы, Түндүк Америкада түздөн-түз чет элдик инвестициялар 56% кыскарып, 68 миллиард долларды түздү.

Азияда – негизинен Кытайдагы күчтүү көрсөткүчтөрдүн эсебинен – ​​түздөн-түз чет элдик инвестициялардын азайышы 12% гана түзгөн.

Россиянын кескин төмөндөшүнөн улам, өткөөл экономикасы бар өлкөлөргө чет элдик инвестициялардын көлөмү 81% төмөндөгөнүн кошумчалайбыз.

Добавить комментарий