Баткен облусунун өзгөчө статусун эмне камсыз кылат

Кыргызстан Баткен облусуна өзгөчө статус берүү жөнүндө мыйзам даярдады. Бул мыйзам карапайым тургундарга эмне берет жана аймакка эмне алып келет.

Баткен облусу тарабынан өзгөчө статустун алынышы анын жашоочуларына салык жагынан жеңилдиктерди кепилдейт. Коомчулуктан келип түшкөн сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен, мыйзам долбоору биротоло иштеп чыгып, КР Өкмөтү тарабынан жактырылды.

Мыйзам долбоорунда төмөнкүлөр каралган:

  1. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыйгарым укуктарын күчөтүү жана төмөнкүлөргө ыйгарым укуктарды берүү:
  • атайын функционалдык жана административдик, уюштуруучулук жана административдик ыйгарым укуктар жана өзгөчө статус;
  • мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык бөлүмчөлөрүнүн ишин координациялоо жана укук коргоо органдары, күч түзүмдөрү менен өз ара аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктар.
  1. Региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү:
  • өнүгүү программасына мониторинг жүргүзүүчү, баалоочу жана көзөмөлдөөчү координациялык кеңешти түзүү;
  • жеңилдетилген каржылоо механизмдери;
  • региондорду өнүктүрүү бюджетин түзүүнүн атайын тартиби;
  • КР Өкмөтүнүн мамлекеттик кепилдиктерин камсыз кылган атайын салык режимин жана атайын инвестициялык режимди киргизүү;
  • товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуунун өзгөчө режими;
  • Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө өзгөчө жеңилдетилген шарттар;
  • коммуналдык кызматтарды жана билим берүү уюмдарынын имараттарын жана жайларын күтүүгө чыгымдарды жана маданият объектилерин жергиликтүү бюджеттерден 2022-жылдан баштап республикалык бюджетке чегерүү.

Добавить комментарий