Кыргызстан алган карызын туура иштетпей 772,2 млн. сом айып төлөдү

Бул каражатка 275 окуучуга ылайыкталган 10 мектеп куруп же 120 орундуу 24 бала бакча салып, болбосо бардык жабдуулары бар заманбап 110 тез жардам унаасын алууга болмок.

Эсеп палатасы муну бюджетке кошумча чыгым болду деп эсептейт. Бирок аны менен Финансы министрлиги макул болбой жатат. Sputnik Кыргызстан агенттиги какаганга муштаган болуп жаткан каражаттын чоо-жайын териштирди.

Эсеп палатасынын билдиришинче, Кыргызстан 1992-жылдан бери алынган айрым кредиттер өздөштүрүлбөгөнү үчүн ири суммада айып төлөгөн. Муну Финансы министрлиги жашырып, насыянын пайызы катары көрсөтүп келген.

Экономикалык термин менен бул «өздөштүрүлбөгөн каражат үчүн комиссия» деп аталат. Жөнөкөй тил менен насыяны белгиленген убакта иштетпей койгону үчүн салынган айып деп түшүнүүгө болот.

Төрт банктан салынган жаза пул
Кыргызстанга Кытайдын экспорт-импорттук («Эксимбанк») банкы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ), Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) жана Германиянын KfW банкы айып салган. Бул банктарга 9 миллион 608,3 миң доллар, 1 миллион 239,2 миң евро, 541,3 миң юань төлөнгөн. Аны учурдагы валюта курсу менен эсептегенде 772 миллион 257 миң сомду түздү.
Кыргызстан Кытайга ири карызы бар беш мамлекеттин катарына кирди. Изилдөө

Эсеп палатасы тиешелүү кызматкерлердин шалаакылыгынан улам өлкө бюджети кошумча чыгымга учурады деп эсептейт. Азырынча буга ким качан жол бергени так аныктала элек. Текшерүүлөр дагы эки жылга созулат. Анткени аудиттер ар бир мекемеге барып, 1992-жылдан берки алынган кредиттери текшерип чыгышы керек.
Насыялар негизинен Саламаттык сактоо, Транспорт жана жолдор, Билим берүү жана илим, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрликтерине, ошондой эле энергетика тармагындагы ишканаларга берилген.

Эсеп палатасынын башкы мамлекеттик инспектору, аудит жүргүзгөн жумушчу топтун жетекчиси Гүлмира Жумагулова мындай төлөмдөр бюджетке кошумча чыгаша болуп жатканын белгилейт.

«Карызды кайтарууда негизги сумма жана пайыздар болуп эки төлөм жүргүзүлөт. Бирок биз борбордук казынадан, статистикадан карасак үч төлөм турат. Аны «башка төлөмдөр жана мезгил-мезгили менен төлөнүүчү төлөмдөр» деп жазып коюшуптур. Текшерип баштасак, бул берилген акчаны өздөштүрбөгөнү үчүн 1 пайызга чейин төлөнүп келинген айып пулдун акчасы экени аныкталды», — деди Жумагулова.
Эсептөө палатасы бул маселени кылдат жана так териштиргенден кийин пайда болгон тобокелчиликтерди эске алуу менен ушуга жол берген ишканалар же аткаминерлер бюджеттик каражаттарды кайра кайтарып берүүлөрү зарыл деп эсептейт. Ошондой эле Жумагулова Кыргызстанга насыялардын берилиши бир нече этаптан өтүп, алдын ала коммерциялык бактан эсеп ачылып, ал жакта акча каражаты жайгаштырыла турганын белгиледи.

«Негизи башынан эки тарап ортосунда насыялык келишим түзүлүп, ички макулдашуу процедуралары жүрөт. Андан соң Жогорку Кеңештен ратификациядан өтүп, мыйзам кабыл алынат. Ошондой эле Юстиция министрлиги, Экономика министрлиги көрсөтүлгөн долбоор туура, натыйжалуу деген корутунду беришет. Ички макулдашуу процедураларынан ийигиликтүү өткөн насыялык долбоор боюнча коммерциялык банктан эсеп ачылат. Эгер аудит аныктап чыкпаганда, бул акчалар бюджеттен төлөнүп, анын сарпталышы боюнча маалымат билинбей калмак», — деди Жумагулова.
Башкы инспектор бул иш боюнча өкмөткө тиешелүү кызматкерлердин жоопкерчилигин кароо жана мониторинг жүргүзүүгө сунуш берилгенин билдирди.

Ошол эле учурда Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков төлөнгөн сумма бюджетти эңшербегенин ишендирүүгө аракет кылды.

Миниатюрные долларовые купюры в кармане пиджака, символизировающий прошение о богатстве богам во время празднования в преддверии Ла-Паса. Боливия, 28 января 2018 года

«Биз эч качан эч нерсени жашырбайбыз. «Катып коюу» деген жок. Бул «резервдик төлөм» деп аталат. Кошумча чыгым дегенге макул эмесмин. Алсак, «Эксимбанк» кредитти 2 пайыз үстөк менен берет, өздөштүрүлбөгөн каражаттын комиссиясы 0,18 пайыз болот. Демек иштеткен каражатка үстөк пайызды, өздөштүрүлбөсө комиссия төлөйбүз. Бул кредиттик келишимде көрсөтүлгөн», — деди Татиков.
Муну менен ал Эсеп палатасынын аудитинин корутундусуна макул эместигин айтууда.

«Долбоорлордун 3-5 жылдык мезгили болот. Мисалы, Бишкек ТЭЦин модернизациялоого 300 миллион доллар алынып, ал үч жылда жасалды дейли. Долбоордун эсебине жыл сайын 100 миллиондон которулат. Эгер бир жылда 70 миллионун өздөштүрсөк, 2 пайыздык үстөгүн төлөйбүз. Калган 30 миллионуна 0,18 пайыздык комиссия төлөнөт. 100 миллион долларга үстөк пайызды, андан сырткары, өздөштүрүлбөгөн 30 миллионго 0,18 пайыздык комиссияны төлөп жатат деген туура эмес», — деди финансист.
Бирок ага Кыргызстан каражатты биринчи жылы же кийинки жылы өздөштүрсө да баары бир 2 пайызды төлөй турганын, ал эми өздөштүрүлбөгөнү үчүн төлөнгөн 0,18 пайыздык комиссия өзүнчө каралып жатканын эскерттик. Ошондо гана Татиков бюджетке кошумча чыгым болгонун мойнуна алды. Бул каражаттын баары элдин салыгынан чогулган бюджеттен төлөнгөн.

Мурда финансы министри болгон Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров бул алешемдикке финансы министри керт башы менен жооп бериши керектигин белгиледи.

Депутаттардын тиешеси бар ишканалардын миллиондогон карызын кечүү сунушталды. Иликтөө

«Эгер бюджетке залакасы тийген жат көрүнүштөр болсо, киреше аткарылбаса же чыгаша көбөйүп баратса, финансы министри башка министрлик, мекемелердин башчыларын кызматтан кетирүүгө укуктуу. Ал премьер-министрге, президентке сунуш бере алат. Андыктан бул ишке финансы министри түздөн-түз жооптуу. Мына, Кытайга эле 8,5 миллион доллар айып төлөптүрбүз. Ал акчага 8 жаңы мектеп куруп койсо болмок. Бул чоң катачылык, эгер акмакчылык дебесек. Күнөөлүү тараптардын чөнтөгүнөн төлөтүш керек. Аткаминерлерге эң коркунучтуусу — кызматтан кетүү. Аны менен чектелбей чыгымдын ордун толтурууга милдеттендирсек, экинчи мындай шалаакылыкка барышпайт», — деди Жапаров.

Айыпка төлөнгөн акча кайсы көйгөйдү чечмек?
Айып пулга төлөнгөн 772 миллион 257 миң сомду Кыргызстан кайсы муктаждыкка иштетсе болмок? Салыштыруу үчүн өлкөдө курулуп жаткан социалдык объектилердин баасын билдик.

Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги учурда өлкөдө 10 миллиард 342 миллион сомго 261 мектеп курулуп жатканын билдирди. Ал эми 275 окуучуга ылайыкталган мектептин орточо баасы 78 миллион сом экени айтылат.

Ошондой эле 946,2 миллион сомго 57 бала бакча курууга тендер өткөн. Кыргызстанда 120 орундуу бала бакчаны курууга орто эсеп менен 32 миллион сом керектелет.

Былтыр саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанга дагы 150 тез жардам машинасы керектигин айткан. Анын билдиришинче, бардык жабдуусу бар жаңы тез жардам унаасынын баасы 100 миң доллардын тегерегинде.
Демек, Кыргызстан жогорудагы каражатты төлөбөгөндө 10 мектеп куруп же 24 бала бакча салып, болбосо 110 тез жардам унаасын сатып алмак. Балким ошондо Нарындагы окуучулар контейнерде окубай, Бишкектеги балдар бир керебетте үчтөн жатмак эместир.

Айып салынган банктан алынган карыздар
2018-жылдын соңуна карата алынган маалымат боюнча, өлкөнүн жалпы карызы 4 миллиард 464,35 миллион долларды (311 млрд. 834,67 млн. сом) түздү. Статистикага көз чаптырсак, Кыргызстан биринчи жолу «Эксимбанктан» 1992-жылы 5 миллион доллар алган. Карыздардын көлөмү 2009-жылдан тарта өсө баштаган.

Ал эми убагында өздөштүрүлбөгөн насыя үчүн айып салган банктардан алынган карыздын суммасы төмөндөгүдөй:

Кытайдын экспорт-импорттук банкы — 120 миллиард 098,5 миллион сом;
Германиянын KfW банкы — 5 миллиард 649,2 миллион сом;
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы — 3 миллиард 618,2 миллион сом;
Евразия өнүктүрүү банкынан — 1 миллиард 912,3 млн сом.
Бюджет дефициттен чыга элек
2018-жылга карата бекитилген план боюнча, бюджеттин киреше булагы 141,5 миллиард сомду түзмөк. Бирок 135,5 миллиард сом гана жыйналып, казынага 6 миллиард сом түшпөй калды. Бул Кыргызстандын бюджети дефициттен чыга элек дегенди түшүндүрөт.

Добавить комментарий